Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Татарстандын президенти Рустам Миннихановго Казан аэропортундагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.
- Курмандыктардын арасында Сиздин уулуңуз Ирек бар экендиги өзгөчө кейитти. Жакын адамыңыздан ажыраган ушул оор учуруңузда кайгыңызды тең бөлүшөм”,- деп жазылат телеграммада.
Ошондой эле кырсыктан 50 кишинин каза болушуна байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге да көңүл айтуу катын жиберди.
“Татарстан аба жолдорунун” Москва-Казан каттамындагы Боинг-737 учагы 17-ноябрь күнү кечке жуук коноордо жарылып, борттогу 50 киши мерт кеткен. (SE)