Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Алматыдагы өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын саны такталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Сеит Убукеев билдирди. Анын айтымынында, базарда болгон өрттөн кыргызстандык ишкерлер зыян тартты. Атап айтканда, алардын товарлары күйүп кеткен. Тилекке жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Убукеевдин маалыматында, базарда соода кылгандардын 80 пайызга жакынын Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай жарандары түзөт. Өрт базардын үчтөн бир бөлүгүн каптаган. Консул Алатау районунун акими менен жолукканын кошумчалады. Аким базар азырынча жабык турганын, мекемелер аралык комиссия кырсыктын себептерин иликтөөгө киришкенин кабарлаган. Убукеев кыргызстандык соодагерлер менен жолугуп, зыян тарткандардын тизмесин тактоо тапшырмасы берилгенин айтты. Тизме кийин Алматы шаарынын акимиатына берилмекчи.

“Соодагерлер ошондой эле өзгөчө кырдаалдар департаментинен өрт тууралуу справка алууга тийиш, - деди башкы консул.

Айрым кабарларга караганда, сөз болгон базарга жакында эле өрт эрежелери боюнча эскертүү жасалган. (AA)

XS
SM
MD
LG