Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Бишкек – Казан каттамы уча элек


"Авиа Траффиктин" Казанга 857-каттамы Бишкектен уча элек, "Манас" эл аралык аэропорту, 18-ноябрь 2013-ж.

"Авиа Траффиктин" Казанга 857-каттамы Бишкектен уча элек, "Манас" эл аралык аэропорту, 18-ноябрь 2013-ж.

Кыргызстандын "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын 857-каттамы жадыбал боюнча Казанга 18-ноябрда саат 19:00да сапар тартмак. Бирок учурда "Манас" аэропортунун сайтындагы жадыбалга ылайык, Бишкек – Казан рейси бир саат кечигип учат. Бул каттамды аткарган Боинг–737-300 Казан убактысы боюнча саат 21:30да конуп, жадыбал боюнча Бишкекке кайра шейшемби күнү таңкы саат 03:40та конот.

Казандын эл аралык аба майданы "Татарстан" авиакомпаниясынын Боинг–737-500 учагы кырсыкка кабылганына байланыштуу толук иштебей жатат. Мындан улам бир нече авиакомпаниялар Казанга каттамдарын токтоткон.

Кыргызстандан Казанга бир гана "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясы Оштон жана Бишкектен аптасына бир жолудан учат.

Жекшемби 17-ноябрда Казандагы аэропортто кырсыктаган самолётто 50 адам каза тапты. "Татарстан" авиакомпаниясынын Боинг–737-500 учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те конуп жатканда кырсыкка учураган. Самолёттогу 44 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү мерт кетти. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG