Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Казанда кулаган учактын "кара жашиги" табылды


Казанда кырыскка учураган "Боингдин" "кара жашиктери" табылды. "Азаттыктын" орус кызматынын кабарчысы маалымдагандай, каза болгон 44 жүргүнчү менен экипаждын 6 мүчөсүнүн сөөктөрүн аныктоо иши башталды.

Тергөө комитети кырсыкка учактагы техникалык проблема жана пилоттун ага байланышкан катасы алып келген болушу мүмкүн деп эсептейт. Дагы бир версия катары сапатсыз керосин аталууда. “Татарстан аба жолдорунун” Москва-Казан каттамындагы Боинг 737 учагы кечээ кечинде коноордо кулап түшүп, борттогу бардык 50 киши набыт кеткен. Татарстанда бүгүн аза күтүү күнү жарыяланган.
Каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Татарстандын президенти Рустам Миннихановго кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

Курман болгондордунн арасында президенттин уулу Ирек да бар болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG