Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Казанда кулаган учактын “кара кутусу” табылды


Казанда 50 адамдын өмүрүн алган авиакырсыктын себептери иликтенүүдө. Тергөөчүлөр учактын кара кутуларын табышты. Эми кырсыктын себеби кара куту ачылган соң белгилүү болоору айтылып жатат. Учурда тергөөчүлөр кырсык учкучтардын катасынан же учактын техникалык мандеми болгонбу деген эки негизги версияны иликтешүүдө. Ошондой эле дүйшөмбүдө тергөөчүлөр кырсык болгон учурда тартылып калган видео тасмаларды да иликтөөнү башташты.

Жекшемби кечинде Москва-Казан каттамындагы Боинг–737-400 учагы Казандын эл аралык аба майданында кырсыкка учураган. Анын ичиндеги 44 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү тең кырсыктан набыт кетти. Каза болгондор арасында Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун 24 жаштагы уулу Ирек жана Татарстандын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жетекчиси Александр Антонов бар экени аныкталды. Кырсыкка учураган учак 23 жыл мурун чыгарылып, 2008-жылдан бери “Татарстан” авиакомпаниясы иштетип келген.

XS
SM
MD
LG