Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Кыргызстанда жол кырсыгы 33 пайызга көбөйдү


Быйыл жылдын 9 айында өлкө боюнча 5123 жол кырсыгы катталып, андан 824 адам каза таап, 7323 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын жол кырсыктарын анализдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Елена Айылчиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун 108и жаш балдар. Жол кырсыктарынын саны былтыркыга караганда 33 пайызга өстү. Ал эми адам өлүмү 12 пайызга көбөйгөн. Ал эми жол кырсыгына кабылган унаалардын басымдуу көпчүлүгүн оң рулдуулар түзөт.

17-ноябрда Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан 8 адам каза болуп, 23 адам жарадар болду.(UEz\BkA)

XS
SM
MD
LG