Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Композитор Эрматовго арналган көргөзмө өтүүдө


Кыргыз улуттук китепканасында композитор Таштан Эрматовдун 85 жылдыгына арналган көргөзмө өтүп жатат. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, анда композитордун колдонгон буюмдары, сүрөттөрү көпчүлүктүн назарына коюлган.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Таштан Эрматов 1928-жылы Сузак районундагы Ак-Баш айылында туулган. Ал кыргыз музыка өнөрүндө симфониялык жанрдын баштоочуларынын бири катары белгилүү. Ошондой эле кыргыз режиссерлору менен тыгыз иштеп, “Бакайдын жайыты”, “Улан”, “Отко таазим” сыяктуу тасмалардын музыкасын жазган.(BkA)

XS
SM
MD
LG