Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Меркел Украинаны чечкиндүүлүккө чакырды


Германия канцлери Ангела Меркел Украина Евробиримдик менен эркин соода жүргүзүү келишимине кол коюу үчүн коюлган талаптарды аткараары белгисиз болуп жатканын айтып чыкты.

Аталган келишимге ушул ай соңундагы Вильнюстагы жыйында кол коюлат деп белгиленген. Ал үчүн Евробиримдик саясий негизде түрмөдө отурат деп эсептеген мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкого ырайым кылып, түрмөдөн бошотуу талабын койгон. Дүйшөмбүдө Меркел Украинаны Евробиримдик менен интеграцияны ишке ашыруу үчүн чечкиндүүлүккө үндөдү.

Меркел эгер Украина келишимдин бардык шарттарын аткарса, Евробиримдик Киевге Орусия тараптан жасалып жаткан экономикалык кысымды токтотууга жардам берээрин эскертти. Орусия Украинанын Евробиримдик менен кызматташуусуна каршы чыгып, анын ордуна Бажы биримдигине киришин кааларын ачык эле билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG