Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Путин: өзөктүк талашты чечүүгө мүмкүнчүлүк бар


Орусия президенти Владимир Путин Иран президенти Хасан Роуханиге өзөктүк программа боюнча талаш-тартышты чечүүгө чыныгы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу Путин Роухани менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда айтты. Кремлдин маалымат кызматынан билдиришкендей, эки президенттин телефондон баарлашуусу Путиндин демилгеси менен өзөктүк программа тууралуу Женевадагы алтылык менен Ирандын сүйлөшүүсүнүн жаңы айлампасынын алдында болуп өттү. Орусия Р5 +1 деп аталган АКШ, Кытай, Британия, Франция жана Германия кирген өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрчү алтылыктын мүчөсү.

Дүйнөнүн алты ири мамлекети менен Иран ушул аптада кайрадан Женевага чогулуп, Тегерандын тынчсыздануу жаратып жаткан ядролук программасын талкуулашмакчы. Тегеран өзүнө каршы киргизилген санкциялардын алынып салынышын каалайт. Ошон үчүн анын программасы атом бомбасын жасоого багытталбаганына ишендиргенге аракет кылып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG