Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Кыргызстан менен Азербайжандын футболчулары беттешет


Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжан футболчуларынын жолдоштук беттеши болот. Футбол федерациясынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган оюн саат 15:00дө башталат. Беттешке казакстандык Артем Кучин судьялык кылат.

Кыргызстандык футболчулар 2007-жылы азербайжандыктар менен Казакстанда беттешип, 0:1 эсебинде утулган.

15-октябрда кыргыз-тажик футболчулары да Бишкекте ойноп, кыргыз командасы 1:4 эсебинде утулуп калган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG