Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:31

Атамбаев Түштүк Кореянын жетекчилери менен жолугат


Президент Алмазбек Атамбаев иш сапардын жүрүшүндө Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе, Улуттук Ассамблеянын спикери Канг Чанг Хи, Экспорт-импорттук банктын төрагасы Ким Енг Хван, Антикоррупциялык чаралар жана адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Ли Сунгбо менен жолугушат. Андан сырткары, кыргыз-кореялык инвестициялык форумга катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

Атамбаев расмий иш сапар менен Түштүк Кореяга 18-ноябрда учуп барган. Президент менен кошо иш сапарга Түштүк Кореяга биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов, Президенттин аппараттынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков да барды. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG