Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Акыйкатчы бейөкмөт уюмдарды колдойт


Акыйкатчы институту бейөкмөт уюмдарга карата чет элдик тыңчы статусун берүүчү мыйзам долбоорун каршы. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматынан билдиришти. Акыйкатчы бул кадам Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирет деп баалайт.

Чет жерден каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарды чет элдик тыңчы деп табуу боюнча мыйзам долбоору сентябрь айында “Ар-намыс” фракциясынын эки депутаты - Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев тарабынан сунушталган. Буга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана укук коргоочулар каршы экендиктерин айтып келишет.

Кыргызстанда катталган бейөкмөт уюмдардын саны он миңден ашуун. Алардын ичинен бир жарым миңдейи гана активдүү иш жүргүзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG