Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Кыргызстанга ооган айымдары келди


Кыргызстанга алгачкы жолу ооганстандык айымдар иш-сапар менен келди. 17 айымдан турган делегациянын курамында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык актвисттер бар. Алар бир апта бою Кыргызстандагы аялдар турмушу менен таанышат. Активист аялдар менен жолугуп, бейөкмөт уюмдарда тажрыйба алмашышат. Негизинен жаңжал учурунда иштөөнүн эрежелерин, тынчтык орнотуу жаатындагы аракеттерди үйрөнүшөт.

Иш-сапарды Демилгелерди өркүндөтүү агенттиги, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын Ооганстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурган. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган агенттиктин өкүлү Алма Касымбекова билдирди. Ооганстан аялдардын укугу чектелген өлкөлөрдүн катарына кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG