Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Бейрутта Иран элчилигинин жанында жардыруу болду


Ирандын Бейруттагы элчилигинин жанындагы кош жардыруудан кеминде 15 киши мерт кетти. Айрым кабарларга караганда, дүрмөттөлгөн машина жарылган. Башка булактар болсо ракета атылганын ырасташууда. Окуя болгон жерден тартылган тасмада өрттөлгөн машиналарды, жарым-жартылай кыйраган имараттарды, жерде жаткан денелерди көрсө болот. Элчиликтин комплексиндеги 6 имараттын жабыркаганы айтылууда. Дипмиссия мүчөлөрү арасында каза болгон же жаралангандар барбы же жокпу белгисиз. Шаардын элчилик жайгашкан бөлүгү ливандык шиийлердин "Хизбалла" кыймылынын таянычы болуп эсептелет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG