Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Олимпиада чемпиону Осмоналиевге арналган турнир башталды


Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча эл аралык турнир башталды. Мелдеш олимпиад чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдыгына карата уюштурулган. Үч күнгө созула турган спорттук иш-чара 21-ноябрда жыйынтыкталат.

Турнирге Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан спортчулар катышууда. Осмоналиевдин аталган өлкөлөрдөгү достору да конок катары келген.

Каныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Бейшеке айылында туулган.

1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы олимпиада оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык катары белгилүү. Совет учурунда ага “СССР спортунун эмгек сиңирген устаты” наамы берилген. Учурда ардактуу эс алууда. (SE\KMa)

XS
SM
MD
LG