Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Бишкекте бир адам өзүн-өзү көзгө атты


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Бишкек шаардык милициясынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, Фрунзе көчөсүндө 30-35-жаштагы адам травматикалык тапанча менен өзүн-өзү көзгө аткан. Учурда республикалык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Алдын ала божомолдор боюнча, аталган жаран мындай жол менен өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Учурда аталган окуя боюнча борбор калаанын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү иликтөөнү баштады.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG