Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Мушаррафты атайын трибунал соттойт


Пакистандын Жогорку Соту өлкөнүн мурдагы башчысы Первез Мушаррафты соттоо үчүн атайын трибунал түзүү сунушун кабыл алды. Генерал чыккынчылык жасаган деп айыпталууда.

Соттун басма сөз катчысы маалымдагандай, төрага Ифтикар Мухаммад Чаудри 3 судьядан турган трибунал үчүн 4 дубандан талапкерлердин тизмелерин жиберүү буйругун берди.

Мушаррафты чыккынчылык үчүн соттоо чечими өкмөт тарабынан кабыл алынган. Айыптуу деп табылса, ал өлүм жазасына же өмүр аягына чейин абакка өкүм кылынышы мүмкүн. Генерал чыккынчылыктан тышкары мурдагы премьер-министр Беназир Бхутто жана Балучи улутчулдарынын лидери Наваб Акбар Хан Бугдинин өлүмдөрүнө байланыштуу күнөөлөнүп жатат.

XS
SM
MD
LG