Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Казандагы кырсыкка учкучтун катасы себеп болгон


Орусиянын Авиациядагы коопсуздук боюнча комитети алдын ала иликтөөгө таянып, Казандагы кырсыкка учкучтун катасы себеп болгон деген жыйынтыкка келди. Комитеттин маалыматына ылайык, Боинг-737нин пилоттору жерге жакын учуп баратканда ылдамдык жайлай баштаган. 700 метрге жеткенде саатына 450 километр ылдамдыкта бараткан учак дээрлик вертикалдык абалда жерге сайылып калган.

Адистер экипаж биринчи жолу коно албай, аэропортту дагы бир жолу айланмак болгон деп билдиришти.

"Татарстан аба жолдоруна" таандык учак жекшембиде Москвадан Казанга учуп келатып, коноордо кырсыкка учураган. Борттогу бардык 50 киши набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG