Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Арактагы илимий реактор Батышты түйшөлтүүдө


Тегерандан 190 чакырым түштүк батыштагы Арак ядролук ишканасы.
Тегерандан 190 чакырым түштүк батыштагы Арак ядролук ишканасы.

20-ноябрда Женевада Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран жана алты бакубат мамлекеттин сүйлөшүүсү кайра уланат.

Буга дейре Ирандын уранды байытуусу кооптондуруп келсе, азыркы сүйлөшүүнүн күн тартибиндеги башкы маселе - ядролук курал жасаганга керек плутонийди Арак изилдөө борборунун реакторунда өндүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө болот. Женева сүйлөшүүсүнө бир жактан АКШ, Британия, Кытай, Франция, Орусия плюс Германия же Р5+1, экинчи жактан Иран катышат.

Ирандын батышындагы Арак илимий реакторунун курулушу 1990-жылдары башталса да, алиге бүтө элек. Тегерандын билдиришинче, береги чакан реактор ишке кирсе, медициналык изотопторду жана 40 мегаваттка чейин жылуулук өндүрөт.

Батыш өлкөлөрү илимий реактор жылына 10 килограммга чейин плутоний да өндүрө алат деп тынчсызданышууда. Бул плутоний жылына бир ядролук бомба жасаганга жетет. Мындай кооптонуудан улам 7-9-ноябрдагы Женева сүйлөшүүсүндө Франция Арак илимий реакторунун маселесин кырынан койгон. Анткени реактор иштей баштаса, ага сокку уруу мүмкүн болбой калат. Эмне үчүн? Анын жөнүн берлиндик эксперт Марк Хиббс төмөндөгүдөй түшүндүрөт:

- Эгер бул реакторго эми иштетилип жатканда чабуул жасалса, ичинде ядролук бөлүнүү жүрүп жаткан борбордо айрым нурлануу болот. Бирок чоң реакторго чабуул жасалгандагыдай нурлануу болбойт. Ырас, анын саясый жана дипломатиялык зыяны болот. Себеби эл аралык коомчулук ядролук жабдууларга, өзгөчө, ядролук бөлүнүү жүрүп жаткан реакторго чабуул жасалбаш керек деп эсептейт.

Иран оболу Арак илимий реактору 2014-жылы пайдаланууга берилет деп мерчемдеген. Бирок Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги – МАГАТЭнин маалымдашынча, курулуш узак жүргөндүктөн реактордун абалы начар жана иш качан аяктаары белгисиз. Ошентсе да реактор иштей баштаса, бир бомбага жеткендей плутонийди 12-18 айдын арасында өндүрөт.

Арак ядролук ишканасындагы радиоактивдүү заттар сакталчу идиш.
Арак ядролук ишканасындагы радиоактивдүү заттар сакталчу идиш.
Эксперттер Женева сүйлөшүүсүндө Р5+1 тобу Арак реакторунун иштетилген отуну өлкөдөн тышка ташылып кетсин деп шарт коюшу керек дешет. Вашингтондогу куралдарды көзөмөлдөө ассоциациясынын талдоочусу Келси Давенпорт андан башка да оор суутекте иштеген реакторду жеңил суутекте иштеген реакторго алмаштырууну сунуш этүү керек дейт:

- Бир вариант боюнча, реактор иштей баштаган соң анын иштетилген отуну өлкөдөн чыгарылып кетиши мүмкүн. Балким Иран менен сүйлөшүп жаткан алты өлкө мындай типтеги реакторлорду курал жасаганга колдонууга жарабай турган плутоний өндүрбөөчү, жеңил суутек менен иштөөчү реакторго алмаштырууну сунуш кылышы этимал.

Иран жетекчилиги мындай шартка көнөрү күмөн. Анткени президент Хасан Роухани Батышты ашыкча талап койбогула деп эскертти. Ал эми Иран парламенти өлкөнүн ядролук жетишкендиктерин, анын ичинде Аракты коргоонун планын түзө баштады.

Марк Хиббс бул жагдайда бакубат алты өлкө Женевада Иранды Арак үчүн отун өндүрбөгөнгө макулдатышы мүмкүн деп боолгойт.

- Нарктуу кекселердин ташы оорлогондо Иран менен негизги өлкөлөр ишти убактылуу токтото туралы деген мунасага барышы ыктымал деп ойлойм. Бул Иран Арак реактору үчүн отун өндүрбөйт дегенди билдирет. Бул ирандыктар МАГАТЭ реакторду эффективдүү коргоо системасын талап кылган аймактарда андай объекттерди курбаганга макул болот деген. Эгер ирандыктар мындай маанилүү иштерди токтотконго ынаса, Франция жана башкалар каниет деп, Иран жана бакубат державалар азыркы келишимди жыйынтыктап, келерки айлампага өтүшү мүмкүн.

Р5+1 жана Иран өлкөнүн ядролук программасы боюнча ушул жума соңуна бир келишимге келери кыйын экенин АКШ мамкатчысы Жон Керри да 18-ноябрда эскертти.

XS
SM
MD
LG