Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

"Калыс" кыймылынын мүчөлөрү акчалай айыпка жыгылды


Шейшембиде "Бишкек-Парк" комплексинин алдында тынчтык митингин өткөргөн “Калыс” саясий кыймылынын жети мүчөсүнө административдик айып пул салынды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди. Анын айтымында, 19-ноябрда Биринчи май райондук соту кармалгандардын экөөнө эскертүү берип, калгандарына 200-500 сомго чейин айып пул салуу чечимин кабыл алды. Аталган кыймыл мүчөлөрүн шейшембиде “Бишкек Парк” комплексинин алдында митинг өткөрүп жатканда милиция кармап кеткен.

Милициянын жүйөсүндө, соода комплекстин алдында уруксат албай туруп акция өткөрүүгө болбойт. Бирок Молдокматов 19-ноябрда өтө турган акция тууралуу алдын ала милицияга жана шаардык мэрияга кабарланганын билдирип жатат.

“Калыс” кыймылынын мүчөлөрү "Бишкек-Парк" ЖЧКнын башкы директору Али Ихсан тарабынан аталган мекемеде маркетолог болуп иштеген Айзада Ашымбаева мыйзамсыз жумуштан бошотулду деген негиз менен тынчтык акциясына чыгышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG