Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Таластагы түрк лицейи убактылуу жабылды


Окуучулар арасында катталган сарык оорусуна байланыштуу 14-ноябрдан бери Таластагы кыргыз-түрк “Себат” кыздар лицейи убактылуу жабык турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди:

- Лицейдин 13 окуучусунан жана бир мугалиминен гепатиттин “А” түрү аныкталган. Текшерүүнү райондогу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору жүргүзүп, лицейди 2-декабрга чейин жаап туруу чечимин кабыл алган. Учурда эки бала Таластагы облустук ооруканада жатат. Калгандарынын абалы дурус болгондуктан, үй шартында дарыланып жатышат,- дейт Жороев.

Жороев кошумчалагандай, балдар арасындагы оору биринчи чейректин каникулунан кайткандан соң аныкталган. Дарыгерлер оору аларга үйдө жуккан болушу мүмкүн, деп божомолдошууда. Аталган лицейде азыр кеселдин алдын алуу жаатындагы иш-чаралар жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG