Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Чүйдө ымыркайды короого таштап кетишти


Чүй райондук милиция кызматкерлери жума башында ташталган ымыркайдын ата-энесин издеп жатат. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айбек Арзыматов “Азаттыкка” билдиргендей, бир жарым айлык эркек баланы Шамшы айылынын 64 жаштагы тургуну өз короосунан тапкан.

Бала дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, ден соолугу чың экени аныкталды. Учурда балдарды убактылуу кароочу борбордо багылууда.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери аймакта бала таштоого байланыштуу 3 окуя катталган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG