Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Бишкек-Ош жолунда унаа кыймылы кыйындады


Жаап жаткан карга байланыштуу Бишкек-Ош жолунда жүздөгөн машинелер топтолуп калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы 133, 135, 154, 155-чакырымдарда, түндүк тарабындагы 106-120-чакырымдарда жол тайгак.

Төө-Ашуудагы карды тазалоо иштерине №9 жол тейлөө ишканасынан 10 техника тартылган. Бирок унаа тыгынына байланыштуу тазалоочу техникалардын белгиленген жерлерге жетиши кыйын болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаа айдоочуларына алыс сапарга чыкпоону эскертет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG