Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Бишкекте жапон операсы тартууланат


Жапониядан келген опера өнөрпоздорунун концерти Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 24-ноябрда болот. Бул тууралуу маданий кечени уюштуруп жаткан Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Кечеде дүйнөлүк жана жапон классикасынын белгилүү чыгармалары опера ырчысы Акико Хаякава жана дирижер Коичи Иноуэ тарабынан тартууланат. Концертке кыргызстандык опера ырчылары да катышат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG