Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:48

Укук коргоочулар Орусиядагы окуяларга каршы кол топтоодо


Укук коргоочулар кеңеши Орусияда мигранттарга карата колдонулуп жаткан катаал чараларга каршы кол топтой баштады. Муну алар расизмге каршы кадам деп жатышат. Жарандык активисттер орус бийликтеринен улутчулдарга каршы чара көрүүнү, мигранттарды шылдыңдагандарды жазалоону талап кылышууда.

Ушундай өңүттөгү кайрылууга Кыргызстандагы 30 укук коргоочу кол койгондугун, акция уланып жаткандыгын аталган кеңештен маалымдашты.

4-ноябрда кыргызстандык укук коргоочулар тобу Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында мигранттарга карата колдонулуп жаткан чараларды сындап, нааразылык акциясын да уюштурушкан.

Орусияда соңку айларда мыйзамсыз иштеп жатат деген негиз менен мигранттарга каршы рейддер күчөтүлгөн. (SE)
XS
SM
MD
LG