Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Иран менен дүйнө өлкөлөрүнүн жолугушуусу башталууда


Бүгүн Женевада башталып жаткан жолугушуунун негизги максаты – Иранды ядролук аракеттерден баш тартууга көндүрүү. Бул үчүн эл аралык коомчулук Тегеранга киргизилген экономикалык жазаналарды алып салышы керек.

Азыркы сүйлөшүүлөрдө Батыш Иранды уран байытканын токтотуп, өлкө батышындагы Арак деп аталган изилдөө борборунда плутонийди өндүрүү ишинен да баш тартууга көндүргөнгө аракет кылууда. Анткени 20% чейин байытылган уран да, плутоний да атом бомбасын жасаганга колдонулушу мүмкүн.

Батыш өлкөлөрү азыр Иран өзүндө атом бомбасын жасап жатат деп кооптонот, Тегеран болсо анын ядролук программасы жайчылык максатта гана энергия алыш үчүн иштей турганын айтып келатат. Эки тарап 10 күн мурдагы Женевадагы сүйлөшүүлөрдө эч кандай мунасага жетише алган эмес.

XS
SM
MD
LG