Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Ош мэриясы тазалыкка чакырды


Шаар бийлигинин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча башкармалыгы тургундарды жол боюндагы жана көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы таштандыдан арылтуу үчүн жардамдашууга чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жума сайын шаарда ишембилик уюштурулуп жатканы менен башкармалык көп кабаттуу үйлөрдүн алдын жыйноого үлгүрбөй жатат. Аба ырайы төмөндөп, тазалоо иштери кыйындаганына байланыштуу жетекчилик ушундай чечимге келген.

Ош шаардык мэриясынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба башкармалыгында, атайын техникалар жана 60 кызматкер ишке тартылган. (SE)

XS
SM
MD
LG