Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

Рахмон өкмөт мүчөлөрүн алмаштырууда


Төртүнчү ирет президенттикке шайланып, өткөн ишембиде ишине киришкен президент өкмөт мүчөлөрүн алмаштыруу ишин баштады. 18 жыл өлкөнүн коргоо министри болуп келген Шерали Хайруллоев “ден соолугуна байланыштуу” деген себеп менен кызматынан алынды, анын ордуна буга чейин Чек ара кызматын жетектеп келген Шералишо Мирзо келди.

Ички иштер министри жана Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы ордуларында калышты. Рахмон мындан сырткары, биринчи вице-премьер-министр Матлубхон Давлатов менен Тоолуу-Бадахшан автономиялык регионунун губернатору Кодир Косимди иштен алды.

Тажикстанды 21 жылдан бери башкарып келаткан Рахмон айрым министрликтер менен өкмөттүк агенттиктерди биргелешип иштөөгө же биригүүгө үндөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG