Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:31
Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалып, сурак берип жатат. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Эркин Баяманов “Азаттыкка” билдирди.

Келдибеков эмне себептен, саат канчада жана каерде кармалганын партия мүчөлөрү азырынча билбейт. “Бирок аны ушул тапта УКМКда сурак берип жатканы чын”,- деди Баяманов.

Бул боюнча азырынча Коопсуздук комитетинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Партия лидери Камчыбек Ташиев учурда бул боюнча атайын кызматтан түшүндүрмө талап кылып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Келдибековго Азимбек Бекназаров адвокаттык кыла баштады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG