Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

“Ата-Журт” партиясы Келдибековдун камалышын талкуулайт


Бул тууралуу аталган партиянын төрага орун басары Данияр Жаныкулов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда партиянын саясий кеңеши чукул жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камалышын жана мындан аркы кадамдарды талкуулайт. Жаныкулов Келдибеков саясий буйруктун негизинде камалды деп эсептейт:

- Акыркы учурда Акматбек Келдибеков “Кыргызгазды” “Газпромго” сатууга каршы чыгып жаткан. Бийлик болсо мурдагы Акаев, Бакиевдин бийлигинин жолоюна түшүп Келдибековдун оозун басыш керек болду. Коррупцияга шектелди деп жатат, анда эмне үчүн мурда камабайт? Бийликтин мындай аракетинин арты жаман болушу мүмкүн-деди Жаныкулов.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Башкы прокуратура 2003-2004-жылдары кызматынан ашкере пайдаланган деген айып тагууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG