Освальд Минскте
22-ноябрда АКШ президенти Жон Кеннединии өлтүрүлгөндүгүнө 50 жыл толот. Президентти өлтүрдү деп айыпталган Ли Харви Освальд 1960-жылдардын башында Минскте жашаган. Андан бери жарым кылым өттү. Минскте болсо Освальдды билсе дагы, ал тууралуу журналисттерге эч качан ооз ачпаган адамдар бар.