Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Текебаев: Кимдир бирөө кылмыш кылса, жооп бериши керек


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камалышы боюнча "Азаттыкка" пикирин билдирди. Анын айтымында, Келдибековдун камалышынын мыйзамдуулугуна баа берүү азырынча эрте. Ошентсе да Текебаев өлкөдө качандыр бир мезгилде кылмыш кылгандар мыйзам алдында жооп бериши керектигин айтты:

- Келдибековдун кандай негизде камалганы тууралуу менде толук маалымат жок. Бирок кимдир бирөө качандыр бир мезгилде кылмыш кылса, ал мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал эч кандай жол менен мындан качып кутулбашы зарыл.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Башкы прокуратура 2003-2004-жылдары кызматынан ашкере пайдаланган деген айып тагууда.

Акматбек Келдибеков президент Аскар Акаевдин тушунда Социалдык фондду, президент Курманбек Бакиевдин учурунда Салык кызматын жетектеген. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутаттыкка келип, Жогорку Кеңештин төрагасы да болгон. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG