Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Акматбек Келдибеков камалды


Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатат, 17-декабрь, 2012.
Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатат, 17-декабрь, 2012.

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков УКМКнын убактылуу абагына камалды. Ага коррупция боюнча айып тагылууда.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековду УКМК кызматкерлери кармап кеткени 20-ноябрда түштөн кийин белгилүү болуп, бирок анын кармалышынын себептери айтылбай жаткан. Көп өтпөй Башкы прокуратура ага коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Кезек Келдибековго келдиби?

Акматбек Келдибековдун кармалышы боюнча Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- 2013-жылдын 19-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго Кылмыш кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча жана 304-беренесине ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Коррупция беренеси боюнча Келдибековго 2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллионго жакын сомун негизсиз короткон деген айып тагылды.

Келдибеков ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы атайын өкүлчүлүктөрүнүн ишмердигин координациялоо маселелери боюнча атайын кызмат ордун мыйзамсыз түзгөнү жана аны каржылоого республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөнү айтылууда. Мындан сырткары салык кызматынын функцияларын “Ротак-Бишкек” фирмасына мыйзамсыз өткөрүп берген деген да айып бар.

Учурда Келдибеков УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалууда.

Акматбек Келдибеков УКМК камакка алаардан бир аз мурда өзүнө карата кылмыш иши козголушу боюнча видео билдирүү жасаганы кечке жуук белгилүү болду. Жергиликтүү “Кабарлар” сайтына жарыяланган бул билдирүүдө Келдибеков козголгон ишти саясий негизде деп атап, “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпромуна” сатууга каршы чыкканы жана Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо демилгесин көтөргөнү үчүн куугунтукка кабылганын айткан:

- Мага каршы куугунтук 2011-жылы эле башталган. Анда УКМКдан иликтешип, эч кандай далил жок дегени үчүн аталган комитетте иштеген эки кызматкер иштен бошотулган. Андан соң иш Башкы прокуратурага берилип, бул орган каалагандай мыйзамды тебелеп, иш козгоп жатышат. Анан унчукпай жүрүшүп, качан биз Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо демилгесин көтөргөндө жана “Кыргызгаздын” сатылышы боюнча чындыкты айткан соң бул ишти көтөрүп чыгышты. Муну прокуратура кызматкерлери мага ачык эле айтып жатышат.

Ошондой эле Келдибеков коррупциялык ишке шектелген бийликчил партиялардын өкүлдөрүнүн иштери иликтенбей жатканын белгилеген.

Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров анын УКМКнын убактылуу кармоо жайына камалганын, бирок сурак болбогонун тастыктады. Ал кылмыш ишинин козголушун саясий буйрутма деп эсептейт:

- Мени чакырды бардым, эч нерсе түшүндүргөн жок. Келдибековду шектүү катары кармоо боюнча көрсөтмө келген деп эле камап коюшту. Эч кандай сурак кылган жок. Бизге үч кылмыш иши бар деп айтышты. Баш прокурор Салянова кечээ кылмыш ишин козгоптур. Ошол кылмыш иштеринин токтомдорунун көчүрмөсүн көрсөтүштү. Башка иш тууралуу эч кандай маалыматым жок. Тергөөчүдөн сурасам: "Ишти бүгүн алып келип берди, мен да эч нерсе билбейм", - деп айтты.

Канткен менен Келдибеков кылмыш иши козголуп, камакка алынган алгачкы депутат эмес. Буга чейин азыркы парламенттин үч депутатына - Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Талант Мамытовго козголгон иш да соттон сотко өтүп, алар бирде акталып, кайра соттолуп отуруп акыры депутаттыгынан ажырап калышты. Дагы бир депутат Нариман Түлеев он бир жылга кесилди. Нурланбек Сулайманов болсо качып жүрөт. Өткөн айдын этегинде депутат Курманбек Осмоновго да иш козголуп, азыр тергөөдө. Бул депутаттардын баары "Ата-Журт" фракциясынын мүчөлөрү.

Саясатпы же ачкөздүкпү?

Келдибековдун камалышы боюнча азыр кыргыз коомчулугунда түрдүү пикирлер айтыла баштады. Маселен, "Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кандай болгон күндө да ким болсо да кылмыш жасаса мыйзам алдында качан болбосун жооп бериш керек деген ойдо:

- Биринчиден, Келдибековдун кандай негизде кармалганы тууралуу менде так маалымат жок. Бирок бир нерсе айдан ачык болуш керек. Эгерде кимдир бирөө качандыр бир кезде кылмыш кылган болсо ал мыйзам алдында жооп бериш керек. Андан ар кандай жол менен кутулууга мүмкүндүк бербешибиз керек. Биздин өлкөдө коррупционер барбы же жокпу? Биз ушуга жооп беришибиз керек.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев болсо Келдибековдун камалышын бийликтин оппозицияга болгон чабуулу катары сыпаттоодо:

- Бийлик ачык эле оппозицияны талкалоого өттү. Оппозицияны куугунтуктоо эч бир мамлекетте жакшылыкка алып келген эмес. Булар бүгүнкү күндө бизди жок кылабыз деген маселени коюп жатышат. Менимче, мунун баары жакшы жакка алып барбайт.

Ташиев “Ата-Журт” партиясы тийиштүү чараларды көрө турганын кошумчалады. Учурда буга байланыштуу кеңешүүлөр жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен партиянын мындан аркы кадамдары аныкталмакчы.

Саясий талдоочу Марс Сариев болсо Келдибековго козголгон кылмыш иш боюнча бир тараптуу баа берүү азырынча эрте экенин айтат:

- Мен Келдибековду коррупциялык схема боюнча кармалды го деп ойлоп жатам. Бирок мунун саясий жагы да бар. Анткени оппозиция жазга даярдык көрүп топтошуп жатат. Келдибеков оппозиция лидери болгонго потенциалдуу адам. Анткени Ташиевдин коомдогу салмагы ылдыйлап кетти.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков болсо тескерисинче бул иштен эч кандай саясий себеп көрбөй турганын билдирди.

Акматбек Келдибеков 47 жашта. 1990-жылдардын орто ченинде Финансы министрлигинде иштеп, катардагы кызматкерден бөлүм башчылыкка, министрдин орун басарына чейин жеткен. Президент Акаевдин тушунда жылдызы жанып, 2002-2005-жылдары Социалдык фондду жетектеген. 2005-жылкы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Кийин президент Бакиевдин учурунда Салык кызматын жетектеген. 2010-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийинки парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутаттыкка келип, 2011-жылдын 12-декабрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы да болгон.

Келдибеков коомчулукка өлкөдөгү эң бай адамдардын бири катары белгилүү. Бирок ал буга чейин жеке ишкердик кылган эмес, анын өмүр баянына көз чаптырсак жалаң мамлекеттик кызматтарда гана келатат. Көпчүлүктү дал ушул нерсе - өмүр бою айлыкка иштеген адамдын эсепсиз байлыкка кантип жеткени кызыктырып келет. А түгүл буга чейин айрым маалымат каражаттары анын баасы көктү чапчыган "кыймылдуу" жана кыймылсыз мүлктөрүн тизмектеп да жиберген.

Материалды даярдоого кабарчыларыбыз Бакыт Асанов менен Уланбек Эгизбаев көмөктөштү.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG