Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Жумгалдагы атыштан эки адам жараат алды


Мындай маалыматты Жумгал райондук ооруканасынан “Азаттыктын” аймактык кабарчысына тастыкташты. Маалыматка ылайык, бүгүн кечке жуук ооруканага эки адам кайрылган. Алардын бири бутуна бычак жесе, экинчисине ок тийген. Учурда алардын бирине операция жасалды. Экөөнүн тең абалы канааттандыраарлык.

Бүгүн кечке жуук Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кенинде атышуу болгонун Ички иштер министрлигинен тасыкташкан. Маалыматка караганда, бул жерде 10го жакын адамдын ортосунда чыр чыгып, атышуу менен аяктаган. Учурда чатакка катышкан 8 адам кармалып, Жумгал райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Атышуунун себептери, кимдер катышканы териштирилип жатат. Алдын-ала маалымат боюнча, бул жергиликтүү криминалдык топтордун жаңжалы болушу мүмкүн.(BkA)

XS
SM
MD
LG