Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Акыйкатчы Келдибековдун ишин өз көзөмөлүнө алды


Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго карата козголгон кылмыш ишти өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтунда Келдибековдун иши боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Аны акыйкатчынын орун басары Токтокан Боромбаева жетектемекчи. Бул топ депутатка козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугуна жана тергөөнүн жүрүшүнө көзөмөл жүргүзөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG