Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:20

Ирак: жардыруунун курмандыктары 29га жетти


Өлкө баш калаасы Багдаддагы чабуулдар негизинен шиит мусулмандар отурукташкан райондордо болду. Эң көп өлүм алып келген жардыруу Садрия районунда орун алды. Анда райондогу базардын кире беришинде дүрмөттөлгөн машине жарылып, кеминде 5 киши өлдү, жаракат алгандар көп. Башка чабуулдар Шааб, Тобчи, Каррада, Азамия жана Амил райондорунда катталды. Каррададагы жардыруудан төрт адам набыт кетип, 15ке жакыны жараат алды.

Быйыл апрелден бери Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, Иракта 5,5 миңдей киши түрдүү чабуулдарда набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG