Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Атамбаевдин Түштүк Кореяга сапары аяктады


Шаршемби күнү кечинде президент Алмазбек Атамбаевдин Түштүк Кореяга сапары аяктады. Эки күндүк расмий сапардын жүрүшүндө Атамбаев корей президенти Пак Кын Хе, парламент төрагасы Кан Чан Хи баштаган жетекчилер менен жолукту. Сапар учурунда энергетика, соода тармагындагы эки тараптуу алты макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Түштүк Корея-Кыргызстан инвестициялык форумуна катышып, корей ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга үндөдү.

Эки өлкө ортосундагы 21 жылдык дипломатиялык алаканын алкагында кыргыз президенти Түштүк Кореяга алгач ирет расмий сапар менен барды. Расмий маалымат боюнча, Түштүк Кореяда 3,5 миңдей кыргызстандык жашайт. Алардын 1,5 миңге жакыны өкмөт аралык программа боюнча эмгектенүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG