Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Алтылык менен Иран бүгүн да сүйлөшөт


Кечээ Женевада башталган алты держава менен Ирандын жолугушуусу бүгүн да уланат. Жолугушуунун биринчи күнү тараптар өзгөчө деле жыйынтыкка жетише алган жок. Сүйлөшүүлөрдө негизги максат - Ирандын өзөктүк аракеттерден баш тартууга көндүрүү. Бул үчүн эл аралык коомчулук Тегеранга киргизилген экономикалык жазаналарды алып салышы керек. Ал ортодо айрым дүйнөлүк лидерлер бул сүйлөшүүнүн нугуна алыста туруп таасирин тийгизүүгө аракет кылууда.

Орусия президенти Владимир Путин шаршембиде Москвада, Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху менен жолукканда, Москва өзөктүк маселени чечилишине ишенерин билдирди. Нетаньяху болсо Израил бул маселени чындап чечилишин калаай турганын шардана кылды.

Батыш өлкөлөрү азыр Иран өзүндө атом бомбасын жасап жатат деп кооптонот, Тегеран болсо анын ядролук программасы жайчылык максатта гана энергия алыш үчүн иштей турганын айтып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG