Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Селсаяктардын жарымы баш калкалуу болду


Бишкектин Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондорунда селсаяктар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Ленин районунда жакынкы күндөрү ачылат.

Биринчи май районунда 70, Октябрь районунда 60, Свердлов районунда 40 орундуу жатакана 1-ноябрдан тарта иштөөдө. Жатакананын жашоочуларына күнүнө бир жолу кечке маал ысык тамак берилип жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жатаканалардын айланасындагы коопсуздукту райондук милиция көзөмөлдөйт. Жумасына эки жолу жатаканадагылардын ден соолугун дарыгерлер текшерет. Баш калкалоочу жайды ысытканга жана башка чыгымдарга акчаны шаардык бийлик төлөйт.

Мэриянын маалыматына ылайык, борбор калаада 428 селсаяк бар. Ачылган жатаканалар алардын жарымын гана тейлей алат. (SE)

XS
SM
MD
LG