Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

ЖК: Келдибековдун маселеси түштөн кийин каралат


Жогорку Кеңеш Акматбек Келдибековдун камалышы боюнча маселени бүгүн саат 14:00дө карайт. Бүгүнкү жалпы жыйында депутаттардын басымдуу бөлүгү ушундай чечимге келди.

Депутат Бөдөш Мамырова "прокуратура “Ата-Журт” партиясынын өкүлдөрүнүн артынан түшүп алды",- деген пикирин билдирип, баш прокурор эмне үчүн мындай болуп жатканын депутаттарга келип түшүндүрүп берүүсүн сунуштады.

Спикер Асылбек Жээнбеков Келдибековдун камалышы парламенттегилер үчүн күтүүсүз болгонун белгиледи. Жыйынга баш прокурор да чакырылмай болду. (SE)

XS
SM
MD
LG