Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Жамакеев тогуз коргоолдон Азия чемпиону болду


Казакстандын Павлодар шаарында өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча Азиянын ачык чемпионатында кыргызстандык Анарбек Жамакеев чоңдор арасында Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” тогуз коргоол федерациясынын ардактуу президенти Абдысалам Чылымов билдирди.

Кыз-келиндерден Жаңыл Сагынбекова, Лязат Райымбекова алдыңкы орунда келүүдө. Өспүрүмдөрдөн Айгерим Адил кызы менен Темирлан Нурбек уулу да мыкты оюн көрсөтүп жатат.

Мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, Түркия, Монголия, Кытай, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандын эки жүздөй спортчусу катышууда. Кыргызстандан 36 спортчу кеткен. Азия чемпионаты 23-ноябрда жыйынтыкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG