Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Ош шаарлары кызматташат


Кыргызстандагы жана Франциядагы Ош шаарларынын ортосунда достук мамиле орнотулат. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен Ош мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматовдун 21-ноябрдагы жолугушуусунда айтылды. Элчи Стефан Катта Ошко иш сапар менен бүгүн барган.

Жолугушуу учурунда Катта Кыргызстан менен эми эле тааныша баштаганын, 2010-жылдагы кайгылуу окуядан соң Ошто аткарылып жаткан иштерди өз көзү менен көрүү үчүн келгенин айтты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Стефан Катта Кыргызстанга ушул жылдын сентябрынан тарта элчи болуп иштөөдө.
Франциядагы Ош шаары Жер дарыясынын батыш тарабында жайгашкан. Калкынын саны 30 миңдин тегерегинде. (SE)

XS
SM
MD
LG