Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Саясий кыймылдардын комитети түзүлдү


Кыргызстандагы оппозициялык, революциялык жана патриоттук кыймылдардын башын бириктирген комитет түзүлдү. Курамына “Кыргызстанды сактоо” кыймылынан Мукар Чолпонабев, “Элдик революция” кыймылынан Шадыкан Жакыпбеков, “Демократиялык күчтөрдүн форуму” кыймылынан Турсунбек Акун жана башка 9 адам бар.

Комитеттин алгачкы жыйыны 23-ноябрда болот, ошол күнү төрага шайланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Комитет бүгүн Бишкектеги “Достук” мейманканасында саясий кыймылдардын жана “Чындык”, “Асаба” партияларынын өкүлдөрү биргелешип өткөргөн жыйында түзүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, уюм бийлик жүргүзүп жаткан иштерге укуктук талдоо жүргүзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG