Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Парламент Тимошенкого чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген жок


Украина парламенти мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун чет өлкөдө дарылануусуна жол ачкан мыйзам долбоорун четке какты. Эми Киевдин кийинки аптада Европа биримдиги менен кеңири соода алакалар боюнча келишимге кол коюушу күмөн жаратууда.

Шаркет документке коюуга чейин сот системасында жана демократия жаатында реформалар жүргүзүлүүгө тийиш деген шарт койгон. Анын ичине Тимшенконун коё берилиши да кирет. Экс-премьер-министр кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен 7 жылга эркинен ажыратылган. Евробиримдик анын ишин “иргеп соттоо” деп билет.

Бүгүн Жогорку Рададагы добуш берүүдө башкаруудагы “Региондор партиясы” түрмөдөгүлөрдүн чет өлкөлөрдө дарылануусуна уруксат берген жоболорду колдобой койду. Украин оппозициясы президент Виктор Януковичти мыйзамга атайын бут тосуп атат деп күнөөлөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG