Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Тегерандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүү уланды


Женевада Иран менен дүйнөлүк алты державанын Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрү бүгүн уланды. Жолугушууга катышып аткан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германиянын өкүлү Майкл Манн Твиттерде кабарлаганына караганда, Евробиримдиктин тышкы иштерин жетектеген Кэтрин Эштон менен Ирандын тышкы иштер министри Мохамад Жавад Зариф өз ара кездешүүнү “оң баалашты”. Ошол эле маалда Зариф ирандык телеканалга сүйлөшүүлөр “позитивдүү маанайда” өткөнү менен, “маанилүү маселелер” боюнча пикир келишпестиктер кала бергенин белгиледи. Айдын башында болгон жолугушуунун буга чейинки айлампасы жыйынтыксыз аяктаган. Иран атомдук ишмердигин 6 айга токтотсо, Батыш киргизген айрым санкцияларды алып салмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG