Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Келдибековдун баш коргоо чарасы каралат


Бүгүн коррупцияга шектелип, камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу анын адвокаты Искендер Журабаев билдирди. Анын айтымында, Келдибековдун иши Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралмакчы. Анда сот депутатты үй камагына чыгаруу же соттук териштирүү аяктаганча тергөө абагына камоо чечимин кабыл алат.

Акматбек Келдибеков Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Башкы прокуратура депутатты Социалдык фонддун төрагасы жана Жогорку Кеңеш төрагасы болуп турган учурда мамлекет казынасына жалпысынан 30 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп айыптоодо. Келдибеков муну саясий куугунтук катары баалап, бийликтин буйругу менен болду деп эсептейт. Аны бошотууну талап кылган тарапташтары кечээ Ак үйдүн жанына митингге чыгышты Ушундай эле талап менен Алай районунун Гүлчө айылында 200 чамалуу адам Ош - Эркеч-Там жолун тороп, кечээ кечке жуук ачышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG