Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Кара-Кечедеги чатакка байланыштуу 5 адам камалды


Жумгал райондук милициясы Кара-Кече көмүр кениндеги окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, беш кишини убактылуу камады. Мындай маалыматты Нарын облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, 20-ноябрда Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көмүр алууга келген отуз-кырк чамалуу кишинин ортосунда чатак чыгып, атышууга чейин жеткен. Андан эки адам жараат алып, ооруканага жаткырылды. Облустук милициянын маалыматында, чырдын чыгышына көмүр сатып алууга кезек талаш себеп болгон. Азыр козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө жүрүп жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG