Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

АКШ коопсуздук келишимин бекитүүгө кызыкдар


АКШ Ооганстан менен коопсуздук келишимин ушул жылдын аягына чейин бекитүүнү каалайт.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест жума күнү мындай чечим Кошмо Штаттардын Ооганстандагы мындай аракети кийинки кадамдарды аныктоо үчүн маанилүү экенин билдирди. Эрнесттин билдирүүсүнө чейин, 21-ноябрда, ооган президенти Хамид Карзай Лоя Жырганын же Улуу Курултайдын Кабулда өткөн жыйынын ачып жатып аталган келишим президенттик шайлоого чейин кабыл алынышы керектигин билдирген.

Ооганстанда президенттик шайлоо кийинки жылдын апрель айына белгиленген. Эрнест келишимдин 2014-жылга чейин кабыл алынып, бекитилиши Ооганстан үчүн да маанилүү экенин эскертти.

Бул келишим 2014-жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин ооган жеринде калчу америкалык аскерлердин статусун аныкташы керек.

XS
SM
MD
LG