Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

Украинада өкмөт чечимине каршы акция башталды


Бүгүн Киевдин борбордук аянтына эртең 1000ге жакын адам чогулду. Алар Украина бийлигинин Евробиримдик менен ассоциативдик келишимди түзүүдөн баш тартышына нааразылыгын билдирүүдө.

Оппозициялык лидерлер чогулгандарга кайрылып, сөз сүйлөп жатышат. Коопсуздук кызматкерлери аянтка көз салып турушат.

Украина өкмөтү бейшембиде Евробиримдик менен эркин соода мейкиндигин түзүү боюнча макулдашууга кол койбой турганын жарыялаган. Андан бир күн мурун парламент мурдагы премьер-министр, учурда абакта жаткан Юлия Тимошенконун чет өлкөдө дарылануусуна жол ачкан мыйзам долбоорун четке каккан. Мындай мыйзамдын кабыл алынышы Евробиримдиктин Украина менен келишимди кол коюудагы негизги шарты болчу. Ал келишимге келээрки аптада Евробиримдиктин Вильнюстагы жыйынында кол коюлат деп күтүлүп жаткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG