Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Аксыда жер силкинди


Аксыда 21-ноябрь күнү кечки саат онго жакын күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Силкинүүнүн очогу Топ-Жаңгак айылынын түштүк-чыгыш тарабынан 2 чакырымдай, Кызыл-Туу айылынын түндүк-чыгыш тарабынан 7 чакырымдай алыста болду.
Силкинүүнүн күчү Топ-Жаңгак, Кызыл-Туу, Жол-Сай, Жылгын айылдарында 5 балл, Аркыт, Ак-Жол, Авлетим айылдарында 4 балл, Таш-Көмүр шаарында, Разан-Сай, Ак-Суу айылдарында 3 балл болгон.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (SE)

XS
SM
MD
LG